Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Орус күчтөрүнүн Херсондогу аткылоосунан 20дай киши өлдү


Херсондогу аткылоодо жабыркаган кишини жоокерлер алып баратышат.
Херсондогу аткылоодо жабыркаган кишини жоокерлер алып баратышат.

Украинанын Херсон шаарын жана облустагы калктуу конуштарды 3-майда орус күчтөрү аткылаганда 20дай адам набыт болду. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.

Расмий маалыматта айтылгандай, орус аскерлери шаршембиде саат 16:30дарда облус борборундагы жарандык инфраструктураларга сокку урганда 12 киши өлүп, 20дан ашууну жараат алган.

Күндүз Степановка жана Музыковка кыштактарын ортосунда энергетиктердин бригадасы бутага алынганда үч адистин өмүрү кыйылган. Анын алдында Дарьевка кыштагына чабуул жасалып, бир адам курман болгон.

Мурдараак Херсондо иштеп жаткан жападан-жалгыз "Эпицентр" гипермаркетине урулган соккуда үч киши - кардарлар жана дүкөн кызматкерлери мүрт кеткени кабарланган.

Киевде жана Украинанын бир катар аймактарында 3-майда кечке жуук абадан эскертүү жарыяланды. Бийлик жарандардан баш калкалоочу жерлерге бекинүүнү суранууда.

Таңга маал украин президентинин кеңсеси "Орусия ачыктан-ачык масштабдуу террордук акт даярдап жатканын" эскерткен.

3-майга караган түнү Кремлге украиналык дрондор чабуул коюп, алардын мизи кайтарылганын Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз кызматы билдирди. Киев муну четке какты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG