Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

Түркмөнстан Өзбекстан үчүн Каспийдеги эл аралык портко жол ачат


Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык порт.
Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык порт.

Түркмөнстан Өзбекстандан келчү жүк ташуучу автоунаалар үчүн Каспий деңизиндеги эл аралык деңиз портуна жол ачат. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Сердар Бердымухамедов 2-майда Ашхабадда Эл аралык транспорт форумунун катышуучуларына кайрылуусунда айтылганын мамлекеттик "Нейтральный Түркмөнстан" гезити жазды.

Жүктөр андан ары Европага, Кавказга, Иранга, Оманга, Перс булуңуна жеткирилет.

Былтыр ноябрда Өзбекстан чет өлкөлөргө экспортту көбөйтүү максатында Латвиянын Вентспилс портунан пайдаланууну көздөп жатканы кабарланган.

Өзбекстан мындан тышкары, чет өлкөгө чыгуунун Орусия менен Ирандан башка альтернативдүү жолдорун караштырууда. Пакистан менен 2021-жылдын июль айында кол коюлган транзиттик соода келишими бул багытта жасалган кадамдардын бири экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG