Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:16

Президенттик администрация Тамчыдагы жер тилкелери боюнча түшүндүрмө берди


Президенттик администрация Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы 70 жер тилкесинин ээлеринин суроолоруна жооп берип, алар убагында мыйзам бузуу менен менчиктештирилгенин белгиледи.

Мамлекет башчынын сайтындагы маалыматка ылайык, бул тилкелер ижарачыларга мал чарбачылыгы үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин, ал эми башка максаттар үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө берилген.

"Райондук мамлекеттик администрация ижара келишимдерин түзүү учурунда Жер кодексинин талаптарына ылайык жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу укугуна ээ болгон эмес жана бул функциялар өкмөттүн компетенциясына кирген. Натыйжада, өкмөттүн 1992-жылдын 12-октябрындагы токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында курчап турган чөйрөнү коргоо, рекреациялык, тарыхый-маданий багыттагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө” № 502 жобонун 51-пунктунун талаптары бузулган. Бул жобого ылайык курорттук зоналарда дарылоо жана эс алуу жайларын куруу үчүн жер участокторун берүү облустук мамлекеттик администрациянын макулдугу менен өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат",- деп жазылган түшүндүрмөдө.

Ага ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Ысык-Көл облустук прокуратурасы быйыл 10-мартта облустук акимчиликке прокурордук чара көрүү актысын келтирген. Ошондой эле учурда Тамчыдагы 70 жер тилкеси боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатканы жана бул жерлер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бошотулуп жатканы кабарланган.

Түшүндүрмөдөгү маалыматта бул жер тилкелеринин ээлерине жана пайдалануучуларына ошол эле Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагынан башка жерлер сунушталып жатканы да кошумчаланган.

Президенттик администрация учурда Ысык-Көл облусундагы жер фондун инвентаризациялоо жүрүп жатканын маалымдоодо.

29-апрелде президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы Тамчы айылына курулары пландалып жаткан “Тамчы” эркин экономикалык аймагы түзүлө турган жерге барган. Мамлекет башчы келечекте бул аймакта өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объектилер жайгаштырыларын, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берерин белгилеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG