Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:54

Британ элчилиги "Азаттык" боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирди


Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирди. Элчиликтин Твиттердеги баракчасындагы билдирүүдө, апелляциялык кароодо акыйкат чечимге үмүт артары айтылат:

"Соттун "Азаттык Медианын" ишмердүүлүгүн токтотуу чечими тынчсыздануу жаратты. Британия бул ишке байкоо салып турат, өлкөдөгү сөз эркиндигине, апелляциялык арыздын акыйкат жана мыйзамдуу каралышына үмүт артат".


3-майда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да “Азаттыктын” маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча сот чечимине тынчсызданган билдирүү таратты.

1-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол да билдирүү таратып, “кыргыз бийлигинин медиага жасаган одоно чабуулун, “Азаттыктын" ишин токтотуусун айыптай турганын, эркин ЖМКларды чектөө Конституцияга каршы келерин” айткан.

Ага чейин АКШнын мамлекеттик департаменти да кыргыз бийлигине кайрылып, "Азаттык” радиосунун ишин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдирген.

Бул кайрылууларга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 3-майда жооп берип, “Азаттыкка” байланыштуу чаралар мыйзам чегинде көрүлгөнүн, сот өз алдынча чечим чыгарганын маалымдады. Ал айтылган сындарды орунсуз деп эсептей турганын, Кыргызстанда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга чектөө жок экенин белгилеп, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган.

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин айткан.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG