Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Белград: өспүрүм мектепке кол салууну алдын ала пландаганын билдирди


Сербиядагы мектеп каргашадан кийин полициянын курчоосун алынды.
Сербиядагы мектеп каргашадан кийин полициянын курчоосун алынды.

Белград шаарынын полиция бөлүмүнүн башчысы Веселин Милич мектептеги кол салууну уюштурган өспүрүм баарын алдын ала пландаганын билдирди.

"Көзүн тазалайм деген окуучулардын аты-жөнүн да алдын ала тизме кылып жазып алган. Мектепке кирип-чыгуу планын чийген. Анын чиймеси видео оюн же коркунучтуу тасмадагыдай көрүнөт. Ал кайсы класска кантип кирүүнү жана башкаларды кантип атып салууну ийне-жибине чейин пландап алганы көрүнүп турат”, - деди ал.

Сербиянын борбору Белград шаарындагы мектепте 3-май күнү 7-класстын окуучусунун куралдуу кол салуусунан бери дегенде 10 киши киши набыт болду.

"Новости" басылмасы сегиз окуучу, бир кароолчу каза болгонун кабарлаган. Informer жана B92 басылмалары бир мугалим да окко учканын жазган. Түрдүү булактарда жетиден 16га чейин адам жараат алганы айтылды.

Ок аткан 14 жаштагы бала кармалганда жанынан эки тапанча жана "Молотов" коктейлдери салынган рюкзак табылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал маңзат колдонгон абалда болгон.

1990-жылдардагы Балкан согушунан кийин элдин колунда көп сандагы ок атуучу куралдар калганын "Би-Би-Синин" орус кызматы жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG