Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Зеленский: Украина НАТОго мүчө болууга кийинки талапкер


Хельсинкидеги саммиттин катышуучулары.
Хельсинкидеги саммиттин катышуучулары.

Хельсинкидеги саммитте кол коюлган биргелешкен билдирүүдө Киевдин Европа жана Евроатлантикалык интеграцияга умтулуусу колдоого алынды. Дания, Исландия, Норвегия, Украина, Финляндия жана Швециянын лидерлери 3-майда жолугушкан.

Биргелешкен билдирүүдө “Украинанын жана украин элинин келечеги Евроатлантикалык үй-бүлөдө” экени белгиленген.

2022-жылдын сентябрында Украина Орусиянын баскынчылыгынан улам Киевдин НАТОго мүчөлүк жараянын тездетүүнү суранган. Президент Владимир Зеленский Хельсинкидеги саммитте Украина НАТОнун Швециядан кийинки мүчөсү болорун айтты.

Саммиттин катышуучулары Орусиянын агрессиясы уланып жатканын Украинанын НАТОго мүчө болуу процессинин мүмкүн эместигин да билдиришти.

Украинанын президенти 3-майдын кечинде Нидерландга да барды. Ал Гаагада "Адилеттик болбосо тынчтык орнобойт" деген темада сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Nieuwsuur билдиргендей, 4-майда Гаагадагы сөзүнөн кийин Зеленский Украинада согуш кылмыштарын жасаган деп шек саналган орусиялыктардын ишин иликтеп жаткан Эл аралык кылмыш сотуна барат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG