Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

Садыр Жапаров Конституциянын 30 жылдыгы менен куттуктады


Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Президент куттуктоосунда өлкөнүн Баш мыйзамында мамлекеттин жогорку баалуулугу - адам, анын жашоо-турмушу, укугу жана эркиндиги деп таасын белгиленгенин, эгемендик, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократиянын салттары бекемделгенин айткан.

Конституция зарыл болгон социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана башка шарт-жагдайлардын жаралышына жараша улам жаңы кырынан ачыла берет деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал муну эгемендик жылдарында Конституция бир нече жолу өзгөртүлүп, Баш мыйзамга жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилгени менен байланыштырды.

"Биз Конституцияны урматтап, ченемдерин сактап, анын маңызын аңдай жана баалай билгенде гана өз өлкөбүздү, Ата Мекенибизди, Кыргызстан элинин баалуулуктарын аздектеп сыйлайбыз, ошондо гана мамлекеттин өнүгүшүнө, коомдун биримдигине, тынчтыкка жана бейпилдикке жете алабыз", - деди президент.

Кыргызстандыктарды Баш мыйзам кабыл алынганынын 30 жылдыгы менен Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев да куттуктады.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

Туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда анын жеке бийлигин чыңдоо үчүн Конституция 1994-1996-1998-2001-2003-жылдары, баш-аягы беш жолу өзгөрүүгө дуушар болгон.

Кийинки президент Курманбек Бакиевдин учурунда Конституция үч ирет оңдолуп-түздөлгөн.

2010-жылдагы элдик толкундоодон кийин парламенттик демократияга багыт алган Баш мыйзам кабыл алынган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы Баш мыйзамга дагы бир жолу оңдоо киргизүүнү сунуштап, анда өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары кеңейген.

2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген.(ZKo)


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG