Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Ошто "Ынтымак" телеканалынын кызматкери сабалды


Оштогу "Ынтымак" телерадио компаниясынын студиясы
Оштогу "Ынтымак" телерадио компаниясынын студиясы

"Ынтымак" коомдук-аймактык телерадио компаниясынын 23 жаштагы кызматкери Талгат Талантбек уулу 3-майда сабалып, ооруканага түшкөн.

Жакындарынын айтуусунда ал жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. Талгат Талантбек уулунун буту сынып, колунан жарака кеткен. Дарыгерлердин маалымдашынча абалы орто оор.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) окуя болгон күнү 2000-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилгенин билдирүүдө. ШИИБдин басма сөз кызматынын маалымдашынча, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголду. Медициналык экспертизанын кортундусуна ылайык коюлган айып өзгөрүшү ыктымал.

Милициянын баштапкы маалыматына караганда, чатак пикир келишпестиктен улам чыккан. Журналистти сабоого шектүү "Эмаком" ишканасынын кызматкери экени кабарланган. "Эмаком" курулуш компаниясы азырынча бул окуяга комментарий бере элек.

Ошто журналистер, блогерлер токмоктолгон учурлар буга чейин да бир нече жолу катталган. Шайлоо өнөктүгүндө журналисттерге кол көтөргөн, техникаларын тартып алган көрүнүштөр орун алган.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму ушул жумада Кыргызстан быйыл басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашканын билдирген. Дүйнөлүк алкакта 57 позициясын жоготкон Бутан гана Кыргызстандын алдында турат. Уюм баяндамасында журналистика жалган маалымат таратуу индустриясынын коркунучуна туш болгонун белгилеген. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG