Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Садыр Жапаров ФИФАга ыраазычылык билдирди


Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана ФИФАнын президенти Жанни Инфантино (солдо). Бишкек. 5-май, 2023-жыл
Президент Садыр Жапаров (оңдо) жана ФИФАнын президенти Жанни Инфантино (солдо). Бишкек. 5-май, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинону кабыл алды. Жолугушууда кыргыз футболун өнүктүрүү, Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Жанни Инфантинону Эл аралык футбол федерациясынын президенттигине кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнөлүк футболду өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Садыр Жапаров Эл аралык футбол федерациясына кыргыз футболун өнүктүрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык айтты.

“Эл аралык футболду өзүнчө бир үй-бүлө катары карай турган болсок, биз өзүбүздү ал үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсүбүз деп билебиз. Ошондуктан ФИФА бизге үй-бүлөдөгү бир туугандай камкор мамиле кылат деп бекем ишенебиз”, - деп белгиледи Жапаров.

Өз кезегинде Жанни Инфантино жылуу кабыл алууга жана өлкөдө футбол кандай өнүгүп жатканын өз көзү менен көрүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн президент Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, ФИФА Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө максималдуу салым кошуу ниети барын айтты. Тактап айтканда, уюм Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка объектилерди инвестициялоого, техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Инфантино кыргыз футболу акыркы он жылда жакшы өнүгүп, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын байкаганын айтып, кыргызстандык футболчулардын талантын, оюндагы чеберчилигин белгиледи.

Жанни Инфантино Бишкекке 4-майда келди.

Жанни Инфантино Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) башчылыгына биринчи жолу 2016-жылы шайланган. 2019-жылы экинчи жолу жана ушул жылдын март айында үчүнчү жолу президент болуп кайра шайланды. Эми ал бул кызматты 2027-жылга чейин аркалайт.

ФИФА - 211 өлкөнүн футболдук федерацияларынын башын бириктирген уюм. Кыргызстан бул уюмга 1994-жылдан бери мүчө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG