Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Беларуста Лукашенконун шакаба сүрөтүн тарткан блогер абакта көз жумду


Николай Климович
Николай Климович

Беларуста Александр Лукашенконун шакаба сүрөттөрүн тартканы үчүн соттолгон блогер Николай Климович абакта көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыктын" беларус кызматы 7-майда кабарлады. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз.

Маркум Беларустун президентине коомчулук алдында акаарат келтирүү беренеси менен айыптуу деп табылып, февралда бир жылга эркинен ажыратылган.

61 жаштагы Климович жүрөк оорусуна байланыштуу экинчи топтогу майып экенине карабай, судья аны колонияга кескен. Кабарга караганда, 2022-жылдын декабрында кармалгандан кийин ал камакта бир нече жолу жүрөгү кармап, ден соолугу начарлаган.

Климович украиначыл жана согушка каршы позициясы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG