Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Техастагы трагедиядан кийин Байден куралга тыюу салууга чакырды


Кливленддеги ок атуудан кийин. 29-апрель 2023-жыл
Кливленддеги ок атуудан кийин. 29-апрель 2023-жыл

Техас штатындагы трагедиядан кийин АКШ президенти Жо Байден 7-майда Конгрессти жарым автоматтык куралдарга тыюу салууга кайрадан чакырып, республикачылардын бул багытта чара көрбөгөнүн сындады.

Далластын түндүгүндөгү соода борборунда дем алышта бир адам жарым автоматтык мылтыктан туш келди ок ачканда сегиз киши, арасында бир бала мерт кетти.

Президент желектерди жарым-жартылай түшүрүүнү буйруду.

АФП агенттиги жазганына караганда, куралга тыюу салган мыйзамды Конгрессте кабыл алуу мүмкүн эместей көрүнөт, республикачылардын басымдуу көпчүлүгү мындай чектөөлөргө каршы.

Бул зомбулук АКШдагы куралдуу кол салуунун акыркы гана мисалы. Бир жума мурун, Кливлендде (Техас штаты) бир киши беш кошунасын түн ичинде атып өлтүргөн. Соңку апталарда дагы бир нече адам майда талаш-тартыштардан же адашып, башка каалганы кагып алганы үчүн ок жеген.

Кошмо Штаттарда ок чыгаруучу куралдын саны калктын санынан көп. Өлкө андай куралдан каза тапкандар жагынан өнүккөн мамлекеттердин арасында биринчи орунда турат. 2021-жылы 49 миң киши набыт болсо, 2020-жылы 45 миңге жеткен.

XS
SM
MD
LG