Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Бишкекте мектеп окуучулары Жеңиш күнүнө карата акцияга тартылууда


"Өчпөс отто" кароолдо турган окуучулар. Бишкек. 7-май, 2023-жыл. (Сүрөт Коргоо министрлигине таандык)
"Өчпөс отто" кароолдо турган окуучулар. Бишкек. 7-май, 2023-жыл. (Сүрөт Коргоо министрлигине таандык)

Бишкектеги бир катар мектептердин окуучулары 7-майдан тартып, "Эстелик вахтасы" деп аталган акцияга катышууда. Алар бул акциянын алкагында Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отто" кароолдо туруп жатышканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, окуучулар кароолду 9-майда Улуттук Гвардиянын аскер кызматкерлерине өткөрүп беришет.

"Акция Коргоо министрлиги тарабынан "Биздин Жеңиш - Наша Победа" издөө кыймылы менен биргеликте өтүп жатат. Иш-чаранын максаты - жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо жана 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон жоокерлерлердин элесин түбөлүккө сактоо", - деп жазылган маалыматта.

9-майда Жеңиш аянтында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда митинг-реквием өтөт. Ошондой эле кезектеги "Өлбөс полк" жүрүшү болору кабарланган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дүн тегерегинде болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG