Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

ISW: Путин парад аркылуу Борбор Азияга таасирин көрсөткүсү келет


Орусиянын президенти Владимир Путин. 9-май, 2023-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 9-май, 2023-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада өтүп жаткан парад аркылуу Борбор Азияга таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Бул тууралуу Америкалык Согушту иликтөө институтунун (ISW) кезектеги баяндамасында жазылган.

Баяндамада Борбор Азия мамлекеттеринин айрым лидерлери согушту колдогонун түз жана ачык көрсөткүсү келбегени, ушул себептен алар Москвага бара турганын кеч жарыялаганы болжолдонгон.

Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке карата уюштурулган парад Украинадагы согуш уланып жаткан маалда өтүүдө. 9-майдын таңында да орус армиясы Украинанын аймагын ракета менен аткылады.

Бул жолу парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Беларустан Александр Лукашенко, Армениянын премьер-министри катышууда. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG