Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Пентагон Украинада "Кинжал" ракетасы жок кылынганын ырастады


"Кинжал" ракетасы бар кыргын салуучу Миг-31 үлгүсүндөгү учак. Архивдик сүрөт.
"Кинжал" ракетасы бар кыргын салуучу Миг-31 үлгүсүндөгү учак. Архивдик сүрөт.

Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинада Орусиянын үндөн бир канча эсе ылдам учкан "Кинжал" ракетасы Patriot системасынын жардамы менен атып түшүрүлгөнүн ырастады. Бул тууралуу Пентагондун басма сөз өкүлү Пэт Райдер билдирди.

Мунун алдында Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук 3-майдан 4нө караган түнү Patriot менен үндөн бир канча эсе ылдам учкан "Кинжал" ракетасы Киевге жасалган чабуул маалында жок кылынганын бышыктаган.

Ага чейин Defense Express басылмасы "Кинжал" атып түшүрүлгөнүн жазып чыккан. Журналисттер Киевдеги стадиондордун бириндеги ракетанын сыныктарынын сүрөтүн жарыялаган. Анда басылма бул маалыматты ишенимдүү булактардан алганын билдирген.

Орус армиясы "Кинжал" ракетасы кадимки үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку ура аларын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG