Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстанда өткөн эл аралык таймашта биринчи орунду алды


Рысбай Исаков.
Рысбай Исаков.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчысы Рысбай Исаков Өзбекстанда өткөн эл аралык "Айтуучулар сынагында" биринчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 9-майда өттү.

Мындан сырткары аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулу жана төкмө акыны Акматбек Султан уулу атайын сертификаттар менен сыйланды.

Сынак 6-8-май күндөрү Өзбекстандын Гүлистан шаарында уюштурулган. Быйыл үчүнчү жолу өткөн маданий иш-чарага 30дан ашуун өлкөнүн өкүлү – музыканттар, ырчылар, акындар катышты.

Исаков былтыр сентябрда Түркияда өткөн "Манас жумалыгында" тынбай үн чыгарып окуу багытында Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG