Орусиялык күчтөр Бахмут-Авдеевка-Марьинка согуш тилкесиндеги украиналык аскерлердин турумдарына 46 жолу ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 10-майдагы күнүмдүк баяндамасында маалымдады.
«Вагнер» менчик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин анын жалданма жоочулары Бахмутта алдыга жылып баратканын билдирди. 9-майда ал Орусиянын Коргоо министрлигин жетиштүү курал-жарак менен камсыздабай жатканы үчүн дагы айыптады.
Ал ок-дарынын жетишсиздигинен Бахмутту толук өз карамагына алууга мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.
Пригожин, «Вагнер» менчик компаниясы Батыштын санкциялык тизмесине киргизилген. АКШнын Финансы министрлиги 26-январда «вагнерчилерди» трансулуттук кылмыш уюмунун мүчөлөрү деп мүнөздөгөн.
10-майда Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасы тууралуу биринчи талкуу өткөрүшөт. Ага Москвага колдоо көрсөткөн кытайлык жана ирандык компаниялар да кириши мүмкүн. Ошондой эле Орусияга соода чектөөлөрүн айланып өтүүгө жардам берген үчүнчү мамлекеттерге да чаралар каралышы ыктымал.
9-майда АКШ Украинага коргонуу жаатында 1,2 миллиард долларлык жардам көрсөтөрүн жарыялады.