Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Сот Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп тапты


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШда арачылар соту 9-майда Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп тапты. CNN телеканалы маалымдагандай, сот Трампты журналист жана жазуучу Жин Кэрроллго беш миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди.

79 жаштагы Кэролл Трампка каршы арыз менен сотко төрт жыл мурда кайрылган. Дональд Трамп өзүндө 1996-жылы Нью-Йорктогу дүкөндөрдүн биринде зордуктаганын билдирген.

Трамп бул дооматтын баарын четке кагып, Кэролл өз китептерин сатуу үчүн бул ызы-чууну колдонуп жатканын айткан.

Соттун чечими 2024-жылы президенттик шайлоого аттанам деп турган Трампка чоң сокку урду.

Андан тышкары Дональд Трамп порнографиялык актриса Сторми Дэниэлске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп, 130 миң доллар төлөгөн деп айыпталган. Бул боюнча сот уланууда.

XS
SM
MD
LG