Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Путин Грузия менен түз аба каттамдарына чектөөнү жана виза режимин алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Владимир Путин Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба каттамдарга болгон чектөөлөрдү алып, грузин жарандарына виза режимин жокко чыгарды.

Орусиянын Транспорт министрлиги маалымдагандай, орус авиакомпаниялары Москвадан Тбилисиге жумасына жети жолу каттам уюштурууну пландап жатат. Грузин авиациясы азырынча буга комментарий бере элек. Евробиримдик быйыл февралда эгер Орусия менен авиакаттамдарын жандантса, Тбилисиге санкциялар салынарын эскерткен.

Грузиянын президенти орус бийлигинин чечимин чагым деп атады.

"Орусия Украинага каршы агрессиясын улантып, биздин аймакты ээлеп турган маалда түз аба каттамдарын жанданышы жана виза режимин жокко чыгаруу кабыл алынгыс",-деп жазды Саломе Зурабишвили Твиттерге.

Орусия 2019-жылдын жайында Тбилисидеги нааразылык акцияларынан улам түз аба каттамдарын токтоткон. Орусия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына өз армиясын киргизип, алардын төбөлсүздүгүн тааныгандан кийин Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакаларын үзгөн.

Грузин бийлиги Орусиянын Украинага согуш ачышын айыптап чыккан жана Москвага каршы эл аралык экономикалык санкцияларга кошулган. Анткен менен бийлик өз чектөөлөрүн киргизген эмес. Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвилинин айтымында, буга "улуттук кызыкчылыктары, экономикасы жана коопсуздук маселелери" себеп болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG