Орусия Кыргызстандагы эки ири инвестициялык долбоорго кызыгуусун билдирип жатканын 11-майда «Биринчи радиого» курган маегинде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев айтты. Ал сөз Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата гидроэлектростанциясы жөнүндө болуп жатканын белгилеп, аларды мега долбоорлор деп атады.
Ошону менен катар Исаев "эгер маселе жаралып калса" Кыргызстан бул долбоорлорду башка өнөктөштөр менен өзү өнүктүрө аларын кошумчалады:
«Темир жолго Орусия тараптан чоң кызыгуу болду. Маселени талкуулашты. Катышуу аракети бар. Экономикасы аябай өнүккөн чоң мамлекет да, бул жакка келип калса өз пайдасын табат. Бул бир. Экинчи мега долбоор – Камбар-Ата ГЭСи. Ал курулуп калса Борбор Азиядагы көп нерселер чечилет суу жана энергетика жактан. Геостратегиялык жактан ал чоң мамлекет, алар бул жакта болушу керек, себеби бул жакта, Борбор Азияда көп нерселер чечилет. Орусия менен катышыбыз ансыз деле бар, бирок бул долбоорго кирсе структура жактан биргелешип калабыз бир чоң долбоорду чогуу жасап"
"Кызыгуу канчалык конкреттүү?" деген суроого Исаев: "Биз азыр мындай ири долбоорлорду өзүбүз деле башка өнөктөштөрдү таап өнүктүрө ала тургандай деңгээлге жетип калдык. Биздин даярдыгыбыз сезилип жатат. Алар кошулса биз каршы эмеспиз, себеби алар бизге союздаш мамлекет, бирок кандайдыр бир маселелер чыгып калса муну биз өзүбүз деле өнүктүрө алабыз», - деп жооп берди.
Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан темир жол долбоору боюнча чечим кабыл алына элек. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.
Кыргызстандын Орусия менен энергетика тармагында кызматташуу тууралуу буга чейин пландалган бир долбоору ишке ашпай калган. Ага ылайык орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. (RK)