Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

ТИМдин өкүлү Кыргызстанда орус тилине эч кандай каршылык болбосун айтты


Кыргызстанда орус тилине каршылык болбой турганын бүгүн 11-майда “Биринчи радиого” курган маегинде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев айтты:

«Кыргыз тилин өнүктүрүү – мамлекеттин милдети, биз муну өз элибиз үчүн кылып жатабыз. Бирок орус тилине эч кандай каршылык болбойт. Орус тили биздин Советтер Союзунан берки жетишкендик, ошону биз сактап калышыбыз керек. Орус тили – дүйнөлүк тил, БУУнун тили. Ал биздин байлык».

Исаев Орусия менен мамилени «өтө маанилүү, өтө керектүү» деп атап, Кыргызстандын бизнес, миграция маселеси бул өлкө менен байланышта болуп турганын, жетекчиликтин милдети ошол мамилени сактап, өнүктүрүү экенин белгилеп, «Геостратегиялык жактан Борбор Азия да Орусияга керек» деп кошумчалады.

7-9-майда Москвадагы расмий сапары учурунда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тилин сактоо саясатынын маанилүүлүгүн белгилегенин Мамлекеттик Думанын расмий сайты жазган. Ал эми кыргыз президентинин администрациясы Москвадагы жолугушууда орус тил маселеси көтөрүлгөнү тууралуу жазган эмес.

Соңку мезгилде Интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган башка союздук мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Жапаров аны "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга" чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG