Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Кочкор-Ата: 40тан ашуун окуучу ууланган мектеп карантинге жабылды


Кочкор-Ата
Кочкор-Ата

Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы 40тан ашык окуучу ууланган №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектеп карантинге жабылды. Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айсулуу Абдрасулова мектепте 2-3 күн тазалоо иштери жүргүзүлөрүн "Азаттыкка" билдирди.

11-майда аталган мектептеги 6-7-8-класстардын, жалпысынан 42 окуучу өздөрүн жаман сезип, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Учурда 26 бала ооруканада жатат. Бешөө дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Кийин алар өздөрүн жаман сезгендиктен, кайра ооруканага жаткырылган. Кочкор-Ата жалпы дарыгердиктажрыйбалык борборунун башкы дарыгери Айжамила Мамасадыкова окуучулардын абалы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.

Буга эмне себеп экени белгисиз.

Милиция окуучулардан түшүнүк кат алынып, алдын ала иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн.

29-мартта Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 43 окуучусу атырдын жытына ууланган.

Кыргызстанда мектептерде балдардын тамак-ашка, клейге жана белгисиз затка жапырт ууланган учурлары буга чейин бир нече жолу катталган.(TB/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG