Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Садыр Жапаров камактагылар шайлоодо үгүт ишин жүргүзө албасын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров абакта отургандар шайлоодо эл аралап, үгүт ишин жүргүзө албасын, жыйындарга катыша албай турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 12-майда Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанган талапкерлерге жолукканда билдирди.

"Камакта жатканда чыгарып, шайлоого катыштыргыла же ушундай чогулуштарга алып баргыла деп талап койгон эмесмин. Жөн гана каттоодон өткөрүп, талапкерликке мандат бергилеп деп сурангам. Мыйзамды жакшы билем. Камакта жаткан адам мындай чогулушка катыша албайт, эл арасына барып үгүт иштерин да жүргүзө албайт. Ал камакта жаткан адам. Анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана чечет. Аны үй камагына чыгарууну дагы укук коргоо органдары чечет. Колдоочулары болсо шайлап койсун, өтүп кетсе депутат болот. Анда кылмышына карабай чыгарганга туура келет. Кылмыш кылганы үчүн камалып жатат да, жөн эле көчөдөн алып барып камап койгон жок. Төңкөрүш кылам деп атат, акча таратып жатат. Өлкөдө мыйзам, тартип болуш керек. Мындан ары мыйзам чегинде гана тартипти сурап алабыз жана талап кылабыз. Түрмөдө жаткан адамга мандат берген өтө чоң жетишкендик", - деди Жапаров.

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда болот. Ага катышуу үчүн 32 талапкер катталган. Алардын арасында үч талапкер: Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев жана Ильгиз Сарылдак уулу Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурат.

Аталган округдан мурда шайланган депутат Жаныбек Абиров калайман мушташка катышканы аныкталгандан кийин депутаттык мандатын тапшырган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдирген 20дан ашык адам камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шек саналып кармалгандар арасынан төрт-беш кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Абактагылар өздөрүнө козголгон иштерди "саясий куугунтук" деп атап келет. Бир катар эл аралык уюмдар бийликти абакта отургандарды бошотууга чакырышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG