Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Eurovision–2023: швециялык Лорин экинчи ирет жеңди


Лорин баш байгени алган учуру
Лорин баш байгени алган учуру

Британиянын Ливерпуль шаарында өткөн эл аралык Eurovision ыр сынагында швециялык Лорин Tattoo деген ыры менен утту. Бул 39 жаштагы ырчынын популярдуу ыр таймаштагы экинчи жеңиши. 2012-жылы Euphoria чыгармасы менен биринчиликти алган.

Быйыл букмекерлер Лориндин утуп алуу мүмкүнчүлүгү 70% ашат деп божомолдошкон. Ал калыстардын да, элдин да тандоосунда эң көп упай (583) топтоду. Ырда эки адамдын сүйүүсү жана бакытка жетүүдөгү сыноолор баяндалат.

Экинчи орунду финляндиялык Käärijä (526 упай), үчүнчү орунду израилдик Ноа Кирел (362 упай) алды.

Экинчи орунду ээлеген финляндиялык Käärijä.
Экинчи орунду ээлеген финляндиялык Käärijä.

Британия быйыл сынакты былтыркы жеңүүчү Украинанын атынан өткөрдү. Биринчи жана экинчи жарым финалдар 9, 11-майда, финал 13-майда болду.

Былтыр Италиядагы сынакта украиналык "Калуш Оркестра" тобу “Стефания” деген ыры менен жеңген. Британия экинчи орунду ээлеген.

Ливерпулда ишембиде Eurovision ыр сынагы өтүп жатканда Украинанын дээрлик бүт аймагында аба чабуулу тууралуу эскертүү жарыяланды. Орусия бир катар аймактарды бутага алып, Тернопол калаасында жардыруулар болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Облустук кеңештин башчысы Михаил Головко ракеталардын бири шаардын өнөр жай аймагына тийгенин билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Eurovision сынагына Украинанын атынан катышкан TVORCHI тобу Heart of Steel ырын аткарды. Алар сахнага чыгарга 10 мүнөт калганда Тернопол шаары аткыланганы тууралуу Инстаграмга жазышты. Кийин залда "Тернопол" жана "Апаке, салам" деген жазууларды көтөрүп отурушту.

TVORCHI тобу Eurovision сахнасында. 13-май, 2023-жыл.
TVORCHI тобу Eurovision сахнасында. 13-май, 2023-жыл.

Ыр таймашы “Музыка бириктирет!" деген ураан менен уюштурулду. 40 жакын өлкөнүн ырчылары ат салышкан популярдуу сынактын финалына 26сы өткөн. Алар "Ливерпуль Арена" залында баш байге - "Хрусталь микрофон" үчүн күч сынашты.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келатат. Орусия кошунасына согуш ачканы үчүн жарыштан четтетилген.

Ушуну менен Швеция сынак тарыхында алтынчы жолу баш байгени жеңип отурат. 2024-жылы популярдуу ыр сынак ушул өлкөдө өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG