Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Израил менен "Ислам жихады" тобунун ортосундагы элдешүү күчүнө кирди


13-майда кечинде Египет ортомчулук кылган Израил менен Палестинанын “Ислам жихады” радикал тобунун ортосунда атышууну токтотуу боюнча элдешүү келишими күчүнө кирди.

Бул тууралуу маалымат агенттиктери кабарлашты.

Макулдашуу болгонун "Ислам жихады" тобунун өкүлдөрү ырасташты. Тель-Авив бул билдирүүгө расмий комментарий бере элек.

Шейшембиде эртең менен Израил Газа тилкесиндеги буталарга сокку урган. Мындан "Ислам жихадынын" бир канча командири өлгөнү белгилүү болду. Мерт болгондор арасында жай тургундар, орус жарандыгын алган дарыгер да бар.

"Ислам жихады" буга жооп иретинде Израилдин аймагына ракеталык сокку урду. Соңку беш күн ичинде Газадан миңден ашуун ракета атылган, алардын айрымдары Тель-Авивге чейин жеткен. Израилде соккудан эки киши каза болду.

Израил армиясы 10-майдан бери Газа тилкесинен 800дөн ашуун ракета учурулганын, алардын көбүн атып түшүргөнүн билдирүүдө.

Армия ага чейин, 9-майдын таңында "Калкан жана жаа" аттуу антитеррордук операциясын баштаганын жарыялаган.

Тель-Авив "Ислам жихады" Израилдин аймагында болгон бир катар теракттар үчүн жоопкер деп эсептейт.

Палестиналык топ Израилди тааныбайт, Израил бийлиги өз кезегинде аны террордук уюм деп эсептейт. Эки тарап ич ара түз сүйлөшүү жүргүзбөгөнү үчүн Египет ортомчу катары иш алып барат. Учурдагы жарашуу келишими белгисиз мөөнөткө түзүлдү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG