Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


15-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 7…12 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27…29 градус жылуу болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG