Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамдары жанданат


"Баткен" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Баткен" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

18-майдан тартып Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү аткарат.

"Баткен" аэропорту быйылкы жылдын 1-апрелинен тарта оңдоо, калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылган.

"Баткен" аэропорту 1958-жылы курулган. 1984-жылга чейин Як-12, Ан-2, Ил-14 учактарын кабыл алып келген. 1984-жылы аэропорттун учуп-конуу тилкесине асфальт-бетон төшөлүп, Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-30 учактары учуп-коно баштаган.

Аэрпорттун аэровокзалы ички каттамдарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.

2014-жылы "Баткен" аэропортуна эл аралык макам берилген.

2017-жылы аэропорттун имараты жаңыланып, күтүү залы, эне-бала бөлмөсү курулуп, жүк лентасы орнотулган.

"Баткен" аэропорту былтыр сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда аткылоого кабылган.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" эл аралык, ал эми алтоо –"Жалал-Абад", "Исфана", "Караван", "Казарман", "Нарын" жана "Талас" аймактык макамга ээ.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG