Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Президент талапкерлерди шайлоодо добуш сатып албоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин Ленин райондук округу боюнча ат салышып жаткан талапкерлерди акча таратып, добуштарды сатып албоого чакырды.

Мамлекет башчы бул тууралуу 12-майда талапкерлер менен жолугушкан учурда айтты.

"Ар кандай чагымчыл көрүнүштөрдөн, мыйзамсыз айыптоолордон, элди экиге бөлүп-жаруудан алыс болуңуздар. Өзүңүздөрдүн өкүл, ишенимдүү адамдарды, үгүтчү, тааныш, дос-тамыр, туугандарды шайлоочулардын добушун сатып алуудан оолак болууга чакырыңыздар. Добуш сатып алууга, бийликтеги тааныш-билишке таянууга жол берилбейт. Бардыгыңыздарга бирдей шарт түзүп беребиз, ошону бийик жоопкерчилик менен пайдаланыңыздар", - деди мамлекет башчы.

Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тоскоолдуктары тууралуу маалымат берүүнү, мыйзамсыз аракеттерге катуу чара көрүлөрүн кошумчалады.

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда болот. Ага катышуу үчүн 32 талапкер катталган. Алардын арасында үч талапкер: Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев жана Ильгиз Сарылдак уулу Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурат.

Садыр Жапаров 12-майдагы жолугушууда абакта отургандар шайлоодо эл аралап, үгүт ишин жүргүзө албасын, жыйындарга катыша албай турганын да айткан.

Аталган округдан мурда шайланган депутат Жаныбек Абиров калайман мушташка катышканы аныкталгандан кийин депутаттык мандатын тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG