Түркияда өтүп жаткан президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу, АТА альянсынан Синан Оган жана "Мамлекет" партиясынын лидери Мухаррем Инже Анкара шаарындагы шайлоо тилкелеринде добуш беришти.
Эрдоган шайлоо тилкесинен чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал зилзала аймагындагы шайлоочулардын добуштары өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Оппозициячыл лидер Кылычдароглу да Анкарада журналисттерге жолукту, ал "Баарыбыз демократияны абдан сагындык" деп айтты.
Шайлоого үч күн калганда Мухаррем Инже талапкерлигин алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын аты бюллетендерге басылып калганын, шайлоонун жыйынтыгында ал да эсептелерин айткан.
Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришет. Жалпысынан 24 саясий партия ат салышууда.
Бул шайлоодо өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет. (ElB)