Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Түркия: Вандагы кыргыздар Улуу Памирде добуш берүүдө


Шайлоо тилкеси. Улуу Памир айылы. 14-май, 2023-жыл.
Шайлоо тилкеси. Улуу Памир айылы. 14-май, 2023-жыл.

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында ачылган шайлоо тилкесинде 1058 кыргыз добуш берүүдө. Бул тууралуу айылдагы шайлоо комиссиянын мүчөсү Женгиз Тач "Азаттыкка" билдирди.

Ал шайлоо өз жол-жобосу менен өтүп жатканын кабарлады.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги улуу памирликтер айылдагы орто мектепте ачылган шайлоо тилкесине улуттук кыргыз кийимдерин кийип, ат минип келгенин жазды.

Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында 5 миңден ашуун вандык кыргыз бар.

Айыл Түркиянын чыгышында Иран менен чектеш Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет. Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барган. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG