Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Лукашенконун ооруканага түшкөнү кабарланууда


Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Москвадагы Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парадда. 9-май, 2023-жыл.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Москвадагы Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парадда. 9-май, 2023-жыл.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 14-майда Мамлекеттик туу, гимн жана герб күнүнө арналган иш-чарага катышкан жок.

Буга анын саламаттыгынын начарлашы себеп болгону кабарланууда. Айрым бышыкталбаган маалыматтарга караганда, Лукашенко 13-майда Минскидеги ооруканалардын бирине түшкөн. Анын саламаттыгы тууралуу эч кандай расмий кабар чыга элек. Бирок соңку үч жумадан бери ал эч кандай коомдук иш-чараларга катышкан эмес.

Лукашенко акыркы жолу 9-майда Москвадагы Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парадга барган. Байкоочулар анын шайы ооп турганына жана оң колу таңылуу экенине көңүл бурушкан.

68 жаштагы Александр Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келет. 2020-жылы болгон президенттик шайлоодо алтынчы ирет жеңүүчү деп жарыяланган.

Оппозиция соңку шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Беларустун ири шаарларында Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган он миңдеген адам катышкан каршылык акциялары өткөн.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам аргасыз өлкөдөн чыгып кеткен. Каршылык акциясына барган айрым адамдар камалып, зомбулуктун айынан ажал тапкан учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG