Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Херсондо снаряд жарылып беш тургун каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Херсон облусунун Миролюбовка айылындагы айыл чарба ишканаларынын биринде снаряд жарылып, беш киши каза болду. Алардын бардыгы жайкын тургундар. Эң жашы 27, улуусу 68 жашта болгон.

Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Орусиянын бомбалоосунан кийин жарылбай калган снаряд ишке киргенин билдирди.

Херсон облусунун прокуратурасы согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

"РБК-Украина" билдиргендей, орус армиясы соңку суткада Херсон облусуна 400 снаряд таштаган, жыйынтыгында алты киши жабыркады.

Ишемби күнү Орусиянын аба күчтөрү Бериславга эки авиабомба таштаган. Аткылоодон улам шаар жарыксыз калды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG