Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:49

Өзбекстанда "Адолат" партиясы президенттикке аял талапкер көрсөттү


Жогорку соттун төрагасынын биринчи орун басары Робахон Махмудова.
Жогорку соттун төрагасынын биринчи орун басары Робахон Махмудова.

Өзбекстандын "Адолат" социал-демократиялык партиясы президенттикке Жогорку Соттун төрагасынын биринчи орун басары Робахон Махмудованын талапкерлигин көрсөттү.

65 жаштагы Махмудова буга чейин Жогорку Соттун судьясы, президенттин Фергана облустук элдик кабылдамасынын жетекчиси, сенатор болуп иштеген.

Ал президенттикке көрсөтүлгөн төрт талапкердин арасындагы жалгыз аял. Буга чейин Экологиялык партия Абдышүкүр Хамзаевди, Элдик-демократиялык партиясы Улугбек Иноятовду жана “Улуттук кайра жаралуу” (“Миллий Тикланиш”) менен Либерал-демократтар партиялары (УзЛиДеП) азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин сунуштаган.

8-майда Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койгон. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону 9-июлга белгилеген.

Өзбекстанда 30-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу референдум өткөн. Расмий маалыматка караганда, анда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болгон.

Референдумга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылат. Ал Өзбекстанга ондогон жыл темирдей катуу башкаруу тартибин орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG