Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Президент Жапаровдун Кытайга сапарында 20дан ашык документке кол коюлду


Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. Сиань. 18-май, 2023-жыл.
Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. Сиань. 18-май, 2023-жыл.

18-майда Сиань шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында 20дан ашык документке кол коюлду.

Анын ичинде Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы сооданы өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча иш-чаралардын планы, айыл чарба багытында кызматташуу, China Power International Development Limited компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу бар.

Андан тышкары Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Садыр Жапаров Кытайга 17-майда барган. Анын мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болот. Сапардын алкагында ал Сианда “Кытай – Борбор Азия” саммитине катышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG