Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

УКМК мамлекеттик ишкананын директору 1 млн. сом пара менен кармалганын билдирди


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Кен иштетүү боюнча жаңы түзүлгөн ишканадан 2,5 миллион сом талап кылган мамлекеттик ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал компанияны кендерди иштетүү лицензиясын алам деп коркутуп, инвесторлордон акча жана ишкананын 20% акциясын талап кылган. Шектүү мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары каттатып, андан кийин дагы 2,5 миллион сом талап кылганы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 1 миллион сом пара алып жаткан учурда Б.А.Т. жана Б.А.Н. кармалды. Экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат сөз кайсы ишкана жана мамлекеттик мекеме тууралуу болуп жатканын жарыялаган жок.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Пара алууга шек саналып кармалган адам “Кыргызтранснефтегаз” ишканасынын жетекчиси экени айтылууда. 2022-жылдын 7-июнунда гана түзүлгөн компанияны Алишер Бейшеналиев жетектейт. УКМК тарткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет.

Жаңы түзүлгөн мекеме Энергетика министрлигине караштуу болуп, ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун токтому менен Кадамжай районунун “Түндүк Сох” мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык курулмалардын объектилери “Кыргызтранснефтегазга” өтө турганы айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG