Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Байсалов Бакиевде кызыкчылыгын коргоо укугу барын айтты


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасындагы окуялар боюнча пикири менен бөлүштү. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына пост жазды.

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын Курманбек Бакиевден интервью алган журналист Кадыр Кошалиевге чара көрүү боюнча талаптарына жооп берген. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана журналист кимден маек алгысы келерин өзү чечерин айткан.

“Экинчиден, жаран катары Курманбек Бакиев өз кызыкчылыгын жана укугун коргоого укугу бар. Бул кылмыш иши боюнча сотто же өлкөнү башкарган учурдагы ишине тарыхый баа берүү үчүн коом алдындагы жоопкерчилиги болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, азыркы жетекчиликтин позициясы – элди консолидациялоо, улуттук консенсуска жетүү. Экс-президенттер кандай болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Жогорку Кеңештин депутаттары бөлүп-жаруунун ордуна бул саясатты колдосо болмок”.

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Эрулан Көкүлов Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден маек алганын сынга алган. Элвира Сурабалдиева аны УТРКдан кызматтан кетирүүнү талап кылган.

15-майда Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берген.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG