Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

"Верстка": Орусиянын "чет элдик агенттер" тизмесине киргендердин көбүн журналисттер түзөт


Орусиянын "чет элдик агенттер" тизмесине киргендердин 40% ашыгын журналисттер менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түзөт. "Верстка" басылмасы жазгандай, тизмедеги 274 кишинин 112си журналисттер.

"Чет элдик агенттер" тизмесинде экинчи орунда жарандык активисттер турат. Алардын саны - 33 киши.

Басылма белгилегендей, 2022-жылы "чет элдик агенттер" тизмесине киргизилген музыканттар, актерлор, сүрөтчүлөр жана жазуучулар көбөйүп, 26 адамга жетти. Тизмеде ошондой эле 25 оппозициячыл саясатчы бар – алар Мамдуманын мурдагы депутаттары жана саясий кыймылдардын лидерлери.

Мындан тышкары "чет элдик агенттер" тизмесинде блогерлер (18), укук коргоочулар (13), саясат таануучулар (12), окумуштуулар (12), юристтер (9), ишкерлер (9), аскердик эксперттер (2) жана диний ишмерлер (2) бар.

Буга чейин "Коммерсант" басылмасы Орусиянын Юстиция министрлигинин баяндамасына таянып, 2022-жылы "чет элдик агенттер" тизмесине киргизилген жеке жана юридикалык жактардын саны кыйла көп болгонун жазган.

Былтыр орус соттору "чет элдик агенттерге" салган айып пулдардын суммасы 60 эсеге өскөн: 2021-жылы аларга 3,8 миллион рубль айып пул салынса, 2022-жылы 228,6 миллион рубль болгон.

Орусияда "Чет элдик агенттер жөнүндөгү" мыйзам 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG