Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

НАТО Орусиянын ыктымал агрессиясына реакция кылуу планын жактырат деп күтүлүүдө


НАТОнун желеги
НАТОнун желеги

Июлда НАТОнун Вильнюста өтүүчү саммитинде уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери "кансыз согуштан" бери биринчи жолу Орусиянын ыктымал агрессиясына жооп кайтаруу боюнча жашыруун планды беките турганы күтүлүүдө.

Бул тууралуу кабарлаган Reuters агенттиги НАТОнун чечими стратегиялык жактан "фундаменталдуу жылыш" болорун жазды.

НАТО СССР тарагандан берки отуз жыл ичинде мындай планды иштеп чыккан эмес. Буга уюм постсоветтик Орусияны олуттуу коркунуч катары көрбөгөнү себеп болгон.

Reuters агенттиги Орусия Украинага каршы согуш баштагандан кийин НАТО Москва менен куралдуу кагылышуу ыктымалдыгына каршы узак мөөнөттүү план иштеп чыгуу зарылдыгын сезе баштаганын белгиледи.

Мындан тышкары саммитте аймактык пландар кабыл алынып, НАТОнун айрым мүчөлөрү куралдуу күчтөрүн жана логистикасын бекемдөө үчүн көрүлө турган чаралар боюнча сунуштарды алат деп күтүлүүдө.

Агенттиктин билдирүүсүндө НАТОнун коргонуу пландарында Украинанын куралдуу күчтөрү эске алынары же алынбасы жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG