Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

Деңиз жээгинде тоолорду сагынган Нуриза акын


Нуриза Өмүрбаева.
Нуриза Өмүрбаева.

Нуриза Өмүрбаева миграцияда жүргөн акын. Жакында "Бейтааныш бекет" аттуу китеби жарык көрдү. Өзүнүн айтымында ага чет жерде жүргөндө жазылган ырлар кирген. Нуриза менен миграция жана чыгармачылык тууралуу маектештик.

- Нуриза, сиз миграцияда жүргөн акындардын бирисиз. Кыргызстандан кеткениңизге канча болду?

- Дээрлик он жыл. 2013-жылы "Ай менен сырдашуу" деген китебим чыгып, ошондон кийин кеткем. Ортодо келип-кетип жүрдүм. Быйыл бир жолугушуу болсунчу деп чыгармачылык отчёт катарында он жыл аралыгында жазган ырларды топтоп, китеп чыгарып ала келдим. Акыркы жолу ырды 2018-жылы Роза Отунбаеванын фонду уюштурган ыр кечеде окуган экем. Андан бери эле беш жыл өтүптүр. Кечээ гана “Ыр-өмүр” поэзия кечесинде ыр окудум. Чыгармачыл чөйрө менен баарлашканды сагынып калыпмын. Ошондуктан өзүмдүн кечемде алдын ала сценарий жазбай эле коноктор менен чогуу отуруп, ыр окуп, чер жаза сүйлөшкүм келди. Атайын программа түзгөн жокмун.

Нуриза Өмүрбаеванын "Бейтааныш бекет" ыр жыйнагы.
Нуриза Өмүрбаеванын "Бейтааныш бекет" ыр жыйнагы.

- 2013-жылы кетсеңиз, андан бери далай суулар акты, ал кездеги төрөлгөн балдар азыр чоңоюп калды. Дегеним, ушунча убакытты уурдаган миграция сиздин чыгармачылыгыңызга кандай таасир этти? Курчуттубу, аксаттыбы же өзгөрттүбү? "Кыргызстанда эле жүрсөм мындай максаттарым ишке ашат эле" деген өкүт жокпу сизде?

- Жок, мен өкүнбөйм. Тескерисинче, сүйүнөм. Анткени миграция адамды бышырат экен, тажрыйба топтойт экенсиң. Эгер мен Кыргызстанда жашаганда төбөм көрүнгөн акын болмокмун деп айта албайм. Өз казанымда кайнап, өз чөйрөмдөгүлөр менен аралашып, балким, өспөй калмакмын. Миграция адамды сыноодон өткөрөт экен. Өзүң курчуган сайын көз карашың, оюң жана ырың дагы курчуйт экен десем, балким, мактангандык болуп калат. Бирок баары бир миграциянын ырларыма тийгизген таасири болду.

Маектин аудиосун бул жерден уга аласыз

Деңиз жээгинде тоолорду сагынган Нуриза акын
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:49 0:00

- Кетип жатканда канчада элеңиз?

- 26 жашта болчумун. Мекенден сыртка чыкпаган, ата-энеден алыстабаган, үйдүн сыртында эч нерсени көрбөгөн кыз элем. Өлкөдөн чыгууга кыйчалыш учур дагы себеп болот экен. Болбосо өзүмдүн кесибим мугалим. Журналист болуп иштеп жүргөндө, маянанын, турмуштун айынан кеттим десем болот. Мекен калды, ата-энем, бир туугандарым, досторум калды... Он жыл аралыгында келип-кетип жүрдүм. Ошентсе да, сыртта жүргөн киши жаткыркап калат экен. Келгенде батпагандай болуп кысыласың. Азыркы чыгарган китебимдин "Бейтааныш бекет" деп аталып калганы да ошондон болду. Жолдо жүргөн адамга бейтааныш бекеттер, адамдар көп жолуга берет экен.

- Биз бардык кыйынчылыкты көр тириликке шылтайбыз. Чындап келгенде чечим кабыл алууга башка да себептер түрткү болот тура. Кээде өзүбүздөн өзүбүз качып кеткибиз келет. Балким, сизди алыска кетүүгө мажбурлаган башка да себептер болгондур?

- Ооба, ошондой себеби да бар. Өзүңдөн өзүң качкан учурлар болот, жакшынакай эле туруп бул дүйнөгө, сен жашап жаткан чөйрөгө батпай калган учурлар болот. Ар кайсы жактан шылтоолор болуп, ошондон улам кеттим.

- Азыр сиз Москвадасызбы?

- Жок, Москвада төрт жылдай эле жүрдүм. Анан Түркияга кеттим. Москва – катаал шаар. Адамды өзүнө оңой менен кабыл албайт, батырышы кыйын. Азыр Түркиядагы туристтик шаарда, деңиз жээгинде жашайм. Бул өлкөнүн бизге дини, тили жакын болгону үчүнбү, бат эле көнүп кеттим. Бирок Мекенге, ата-энеге болгон сагыныч коштоп жүрөт.

- Деңиздин жээгинде деле тоолордун элеси ээрчип жүрөт турбайбы?

- Албетте, тоону сагынган учурларым болот. Ошол үчүн дагы Мекенге тартыласың. Деңиз башка, тоо башка. Бирок деңиздин сени арбап турган касиети бар экен. Мокогон кезде жүрөгүңдү курчутуп турат.

* * *

Жай узады. Шамал уруп, жаан тийип,
жалбырагын төгүп бүттү дарактар.
Чоочун мага өз өмүрүм баш ийип,
чоочун жолдун жетегинде бараткан.

Күз да келди. Күүгүм термеп жаш Айды.
Да бир жылдын учун кармап турамын.
Учпай калган жүрөк узак жашайбы?..
Кайкып учкан канаттуудан сурадым.

Куштар мага жооп узатып ыраактан,
өз тилинде үн салгандай болушту.
Куштун тилин, куштун жолун бирок да,
жылдар мага унуткарып коюшту.

Кээде гана буюктурат бир санаа,
ушул аалам жаралгансып кусадан.
Канаттуулар жер которуп учсаңар,
коштоп учпай улутунуп узатам.

Күндү беттеп, күздү таштап барарың,
жаздыр жашыл жака-бели кештелүү.
Мекен кылган бир сүйүүнүн караанын,
менин эрким, мейкиндигим чектелүү.

Жетер жерге жетип эсен. Күн кармап,
кайтсаң экен адаштырбай ай-жылды.
Мен да алысты көксөп учуп ызгаарда,
узак жолдо канаттарым кайрылды.

Узадыңар көккө сиңип күүгүмдөп.
Бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.
Кайра кайтып келериңди ким билет?..
Канаттуунун Мекени жок дешти эле.
Кайра кайтып келериңди ким билет?..
Канаттуунун Мекени жок дешчү эле.


- Сыр болбосо, ал жакта эмне иш кыласыз?

- Сыр деле эмес. Анталияда туризм тармагында, көбүнчө жайкысын иштейм. Кышкысын сезон бүтөт. Шаар бош калгандай болот. Ошол учурларда биз да кээде жумушсуз калабыз. Андайда чыгармачыл чөйрө издеп, ыр окугуң келет, “Манасты” сагынасың. Буулугуп өзүңө жакын чөйрө издей баштайсың. Анталияда кыргыздар көп. Кээде чогулуп майрамдарды, Ноорузду белгилешет. Ал жакка барып турганга убакыт деле жок. Беш жыл жүрүп, бир гана жолу Кыргызстандын атынан "Музей жана муза" деген кечеге катыштым.

- Биздин акындардын көбү турмуштун айынан миграцияга кетип калганын билебиз. Алар менен анда-санда көрүшүп турасызбы?

- Москвада жүргөндө кездешип турчубуз. Москванын чыгармачыл чөйрөгө коюну кенен. Маданий иш-чаралар көп болот. Кыргыз тилдүү акындар да аябай көп. Нарсулуу Гургубаева, Толукбек Байзак жана башка акындар миграцияда жүрөт. Кээде жолугуп, поэзия кечелерин өткөрүп турчубуз. Азыр Түркияда Чынара Сарбагышева баштаган акындар менен байланышып турам.

- Сиздин ырларыңызды окуган сайын кимдир бирөөгө таарынган сезимдер катылып тургандай туюла берет. Ал кимге кимге болгон таарыныч? Мекенгеби же айтылбай калган арзуугабы, же миграцияга кетүүгө аргасыз кылган кымгуут дооргобу?

- Негизи акындар бир аз таарынчак болуш керек. Бул таарыныч, кээде курбуларга, чөйрөңдөгү адамдарга, балким, жетпей калган арзууга, турмуштун оордугуна болсо керек. Мекендин өзүнө эмес, Мекендин башында тургандарга таарыныч бар десем болот. Биздин жаштарга кам көрүлбөй жатат. Биз окуйбуз, үмүттөнөбүз, бирок ата-энелердин да, жаштардын да үмүтү акталбай, четке кетип жатабыз. Кээде алыста жүрүп "Бизге кам көрбөсө мейли, тынччылык эле болсунчу" деп тиленесиң.

- Кыргызстандагы ар кандай саясий, чек арадагы окуялардын баары жүрөгүңөрдөн өтүп жаткан турбайбы?

- Мындай учур Мекенден ичиндегилерге эмес, балким, сыртындагыларга аябай оор тиет. Анткени алыссың, байма-бай чыккан кабарларды кечке окуп, аңдып, эмне болуп кетет деп ойлойсуң. Чуркап келе калайын десең, жакын жер эмес. Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалдарга кооптонуп, бири-бирибизге чалып: "Эмне болот эми? Кандай болот?" деп эки көзүбүз интернетте болуп калат.

Мекенге

Журт кыйырын коргой албас коркоктор,
калкына хан, элге эге болушту.
Апа аскан казан кулап очоктон,
Ата журтум, асманыңда ок учту.

Сени тынбай мээнет чалып, ой чалып,
Койнуң кооптуу, өңүң жүдөө, комсоорок...
...Жылда жылан жылып келип, кол салып,
кушсуз, кутсуз, уяларың томсорот.

Бейпилдигиң, бейпил күнүң, бүлүнүп...
Өрүкзарым өрткө, күлгө айландың.
Өмүр чиркин күлгүнүндө күбүлүп,
ок мээленген бута болду кайран күн.

Эр жигиттер өлүм сүрүн билбеген,
коргоп турду наристенин куурчагын.
...Сөзү бөлөк, иши бөлөк бий-бектер,
Сөздө гана Эр Манастын урпагы!

Өздөн чыккан душман болду хандарың,
өрт ичинен нан издеткен калкына.
Өмүр өңүн тааный элек балдардын,
көзүн көрөм Мекенинен жалкыган.

...Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң,
кайран элим канат, калкан күтө элек.
Жарып өткөн жүрөгүңдүн толтосун,
жаратың көп... Кайсыл бири бүтөлөт?.

Мекен ыйы ай ааламда үңүлдөп,
Кулагына жетпей койду Теңирдин.
Адам уулу Мекенинин кулу - дейт.
А биз сени кулга айланттык кечиргин!

Ай көрүнбөй, асманыңда ый түнөп,
арман ырын ырдап турдук эчен күн.
Арсыз, арзан, жарыктары үлбүрөйт,
жылдыздары кайда кетти Мекендин?

...Ата журтум, өмүрүмдүн соңунда,
сага барып бүтөт бардык жолдорум.
Кечир мени, багыты жок жолуңда
жарык дагы, жылдыз дагы болбодум.

Кечир бизди, багыты жок жолуңа
жарык дагы, жылдыз дагы болбодук.

- Өткөн жылы Москвада жашаган Нарсулуу Гургубаева менен биргеликте "Кат турмуш-жат турмуш" аттуу китеп чыгардыңыз. Ал чыгармага ар кандай мактоолор, сындар айтылды. Мен өзүм окурман катары бир күндө окуп чыктым. Окуп жатып аябай жүрөгүм сыгылды, көзүмө жаш тегеренди. Бул чыгармадагы окуялар турмуштан алынганбы же ойдон чыгарылгандары дагы барбы?

- Балким, ойдон чыгарылганда түйшөлүп, ыйлап окубасаңыз керек деп ойлойм. Башынан аягына чейин Москванын чыныгы турмушунан алынган окуялар. Бир айда Москвада отуз киши менен жашайсың. Иштешесиң. Бири келип, бири кетет. Турмушуңа адамдар баш багып, кайра чыгып кете берет. Ошонун баары кыргыз. Биз көргөн, чогуу иштеген, жаныбызда жашаган, таанышыбыз аркылуу бизге таанышып калган кыргыздар. Ошолордун башынан өткөн окуялар, биз аралашып эле жүргөн адамдар. Чыныгы турмушта жашаган, бирок типтештирилген каармандар.

- Ал китепти жазууңуздарга эмне себеп болду? Же миграцияда кыргыздар акчаны оңой менен таппайт, же болбосо кандайдыр бир сабак алсын, жаш кыздарды миграцияга жөнөтпөсүн деген максатта жазылдыбы? Же жөн эле күндөлүкпү?

- Москвада мигранттардын жумушу оор, 12 сааттан иштейсиң. Бирөөгө жолугуп, сырдашканга кээде гана мүмкүнчүлүк болуп турат. Көбүнчө кат аркылуу сүйлөшөбүз. Бир күнү Нарсулуу эже "Биз жазган, сүйлөшкөндөрүбүздү китеп кылып чыгарсак кандай болот? Балким, башкаларга сабак болот беле?" деп калды. Мисалы, кээ бир ата-энелер жоопкерчиликсиз. Атасы балдарын миграцияга жөнөтөт, бирок кандай жумушта иштегенин билбейт. Ал жакта акча агып жаткандай эле талап кыла берет. "Тойго алып барам, үй салам жана башкаларга сарптайм" дейт. Ошондон улам көргөнүбүздү жазсак, балким "чет өлкөгө кетсем эле укмуш болуп бүт кыял-максаттарыма жетем, ишке ашырам" деген жаштарга сабак болот беле деген ойдо жазганбыз.

- Китепте бир келин кыйналып пол жууп иштеп жүрсө, Кыргызстандан келген жеңеси ага кийим-кече алдырат эмеспи. Бул аркылуу жалпы коомубуздагы жанбактылык, бирөөнүн эсебинен күн көргөн пайдакечтик психологиясын көргөзгүңөр келгенби?

- Бизде милдет кылган адамдар көп. Өгөй жеңе, өгөй апалар эле эмес, өз апалар дагы милдет кылган учурлар болот. "Сени мен төрөп өстүргөм, тарбиялагам. Мага шуба, алтын алып беришиң керек" дегендер бар. Бул баяндар "керегем сага айтам, келиним сен ук" деген чакырык. Анан калса, кыргыз коомунда шартка карабай, турмушка даяр болбой эле үй-бүлө күтүп, балалуу болобуз. Мындан улам көпчүлүк жаш ата-энелер эми балалуу болгондо чет өлкөгө кетет. Бир келсе, баласынын тили чыгып сүйлөп калат, бир келсе мектепке барган болот. Ата-эненин баланын жанында боло турган жылдары атталып, жашалбай калууда. Бул аябай өкүнүчтүү нерсе. Бир муундун жаштыгы, балалыгы уурдалып жатат.

- Сизде "Качандыр бир кезде Кыргызстанга келем, өзүмдүн кесибимди улантам" деген ой бардыр. Ал жактан билим алып, убакыт болсо өзүңүздүн көрөңгөңүздү байытканга убакыт болуп жатабы же жумуштан кол бошобойбу?

- Москвада жүргөндө Максим Горький атындагы адабият институтунун кечки бөлүмүндө окудум. Бирок мигрант болуп жүрүп окуган аябай оор экен. Укмуш окубасам да программа мээмде калды, ошол жердеги аура жүрөктө калды. Азыр ошол бойдон өз алдынча окуп, изденип жүрөм. Негизи эле биз кыргыздар сыртка чыгарда "Бир-эки жыл иштеп үй алып, жашоо-шартты оңдоп алайын, анан келем" деп ойлойбуз. Бир-эки жыл иштеп, ирденип кетпейт экенсиң, убакыт болсо күтпөйт. Мен да ошолордун катарындагы кыргызмын. Бирок сөзсүз Мекениме келем, кызмат кылам.

- Түркчө үйрөнүп алсаңыз керек?

- Ооба, беш жылдан бери жашап жатам. Түркчө жазам, окуйм. Бирок котормо иштерине азырынча кирише элекмин, колум бошобойт. Келечекте түрк тилиндеги чыгармаларды кыргызчаласамбы деген оюм бар.

- Кайсы жазуучу-акындарды кыргызчалайт элеңиз?

- Мисалы, кезинде түрк акындарынын ырларын Салижан Жигитов которгон. Азыр Толукбек Байзак байке которуп жүрөт. Мен прозаны которот элем, маселен, Орхан Памуктун чыгармаларын жакшы көрөм.

- “Бейтааныш бекет” жыйнагына канча ырыңыз кирди?

- Отуздай ыр кирип, миң нуска менен чыкты. Абдан ойлонуп, таразалап, кайра-кайра тандап жатып чыгардым. Бирок баары бир мыкты китеп чыгарыш оңой эмес экен, курбум жардам берди. Азыр биз өзүбүз чыгарып, өзүбүз кече өткөрүп, китепти өзүбүз таратып эле жүрөбүз. Өзүң аракет кылбасаң, ким жеткирет? Кандай болгон күндө да ырлар өзүмдүкү, өз эмгегим, элге жетсин деп ойлойт экенсиң. Бул жагдай бара-бара оңолор деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG