Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Зеленский Сауд Арабияда Крым тууралуу cүйлөдү


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский мурда коомчулукка алдын ала маалымдалбаган сапар менен Сауд Арабияга барды.

Араб Лигасынын Эр-Рияддагы саммитинде сүйлөгөндө ал жыйындын катышуучуларынын арасында Крымдын аннексияланышына жана крым татарларынын куугунтукталышына көңүл бурбагандар бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда Украина менен мамилесин өнүктүрүп жатканы үчүн Сауд Арабияга жана башка мамлекеттерге ыраазычылыгын билдирди.

Ал Крымдагы репрессиялардан жапа чеккендердин көбү мусулмандар экенин белгиледи.

Зеленский мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман жана башка араб лидерлери менен сүйлөшөт. Талкуунун өзөгүн саясий туткундарды, аннексияланган Крымдын жана Орусия басып алган башка аймактардын тургундарын бошотуу түзөт.

Бул Украина президентинин Сауд Арабияга жасаган биринчи сапары. Көптөгөн араб мамлекеттери Орусиянын Украинага каршы согушунда бейтарап позицияны карманышат.

Алар Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдошот, бирок ошол эле учурда Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулушпайт.

XS
SM
MD
LG