Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:31

Зеленский "Чоң жетинин" саммитине катышуу үчүн Жапонияга барды


Владимир Зеленский Хиросимадагы G7 саммитине катышуу үчүн келди, 20-май, 2023-жыл (ФОТО: Киодо)
Владимир Зеленский Хиросимадагы G7 саммитине катышуу үчүн келди, 20-май, 2023-жыл (ФОТО: Киодо)

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жетинин" саммитине катышуу үчүн Франциянын учагы менен Жапонияга келди. "Жапония. G7. Украинанын достору жана өнөктөштөрү менен маанилүү жолугушуулар. Коопсуздук жана биздин жеңиш үчүн кызматташууну бекемдөө. Бүгүн тынчтык дагы жакындайт", - деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.

Украинанын мамлекет башчысы АКШ президенти Жо Байден менен жолугушары күтүлүп жатат. Reuters жана Politico басылмаларынын булактары Байден Хиросимада Киевге 375 млн. долларлык аскердик жардам бөлөрүн жарыялай турганын билдирген.

Бул Зеленский менен жолугушуудан кийин жарыяланышы ыктымал. Жардамдын жаңы пакетине артиллериялык снаряддар, бронетехника жана танктарга каршы куралдар кирет.

Жума күнү кечинде Associated Press жана CNN булактары АКШ президенти Жо Байден украин учкучтарын америкалык F-16 учактарына үйрөтүүнү колдой турганын билдирген. Учкучтарды даярдоо Европада өтөрү жана жакынкы апталарда башталышы мүмкүн экени айтылууда. Бул тууралуу азырынча Ак үйдүн расмий билдирүүсү жарыялана элек.

CNN мурдараак АКШ администрациясы F-16ларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу Украинага өткөрүп беришине каршы эместигин жазган. Киевге согуштук учактарды берүүдөн баш тарткандыктан, Ак үй европалык өнөктөштөрдүн гана эмес, АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн да кысымына кабылган.

Киевге качан, кайдан жана канча учак тапшырыларын Байден машыгуулар башталгандан кийин жарыялоого ниеттенүүдө.

19-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский мурда коомчулукка алдын ала маалымдалбаган сапар менен Сауд Арабияга барган. Бул анын Саудияга болгон биринчи сапары.

Араб Лигасынын Эр-Рияддагы саммитинде сүйлөгөндө ал жыйындын катышуучуларынын арасында Крымдын аннексияланышына жана крым татарларынын куугунтукталышына көңүл бурбагандар бар экенин белгиледи. Киевдин 10 пункттан турган тынчтык планы жана Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу сунуштарын колдоого чакырды.

Зеленский Орусия басып алган аймактардын жана аннексияланган Крымдын тургундарын, саясий туткундарды бошотуу жана мекенине кайтаруу зарылдыгына көңүл бурду.

Көптөгөн араб мамлекеттери Орусиянын Украинага каршы согушунда бейтарап позицияны карманат.

Алар Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт, бирок ошол эле учурда Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG