Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Кыргызстан менен Евробиримдик биргелешкен документке кол койду


Кыргызстан менен Европа биримдиги жашыл экономика багытында биргелешкен документке кол койду. 2023, 20-май. Алматы
Кыргызстан менен Европа биримдиги жашыл экономика багытында биргелешкен документке кол койду. 2023, 20-май. Алматы

Экономика жана коммерция министрлиги менен Европа Биримдиги “Кыргызстандагы жашыл экономика программасы” алкагында биргелешкен документке кол койду.

Программаны Европа Биримдиги каржылай турганын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Документке Казакстандын Алматы шаарында, “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти, Европанын транспорт боюнча комиссары Валдис Домбровскис менен жолукту.

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тарапты кызыктырган маселелер сүйлөшүлдү. Акылбек Жапаров Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташууга артыкчылык бере турганын билдирди.

“Кыргызстан менен Европа Биримдиктин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар өнүгүп жаткандыгы кубандырат. Евробиримдик биздин маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүбүз жана негизги инвесторлордун бири”, - деди ал.

Өз кезегинде Валдис Домбровскис акыркы жылдары өз ара соода жүгүртүүдө жогорку көрсөткүч байкалганын айтып, ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров апрель айындагы Вашингтонго иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен жолуккан. Өкмөт башчы Дүйнөлүк банкка Кыргызстандын тышкы карызын жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG