Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Ысык-Көлдө 11 жаштагы кыз сууга агып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда бешинчи класста окуган кыз сууга агып кетип каза болду. Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү кабарлагандай, кырсык 19-майда болгон. 11 жаштагы кыз сиңдиси менен чогуу ошол күнү кечке жуук, саат 17:40 чамасында мал тоскону үйүнөн чыккан.

"Эже-сиңдилер мал келгенче көчөдө ойношкон. Кыз жээкке барып, сууга түшүп кеткен, агыны катуу суу секелекти агызып кеткен. Кыздын сиңдиси үйүнө барып кабар берген",- деп жазылат маалыматта.

Милицияга ошол күнү кечинде Таш-Кыя айылынын тургуну сууда кыздын сөөгү жатканын көрүп, кабар берген. Секелектин сөөгү ал сууга кулаган жерден 600 метрдей төмөн тараптан, суу ташкыны жайлаган жерден табылган.
Иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн ысып, суу киргенине байланыштуу жарандарды көлмөлөргө жана дарыяларга түшүүдөн карманууга жана бала-бакырасына да этият болууга чакырды.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

Мекеме мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин эскертүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG