Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Аксыда сел 50 койду агызып, 50дөй үйдүн короосун каптады


Сел каптаган үй. Авлетим айылы, Аксы району. 20-май, 2023-жыл.
Сел каптаган үй. Авлетим айылы, Аксы району. 20-май, 2023-жыл.

20-май күнү, саат 17:30дар чамасында Аксы районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Авлетим айыл аймагында 48 үйдүн жана мектеп, балдар бакчасынын короолорун сел каптады.

Баястан айылынын жайытында 50 чакты койду сел агызып кеткен.

Мындан сырткары катуу шамалдан райондун Кара-Суу, Кара-Жыгач, Сыны, Кара-Ой айылдарында үйлөрдүн жана сарайлардын чатырлары учуп, сынган. Зым карагайлар кулагандыктан, Кара-Жыгач айыл аймагындагы Дардак-Дөбө жана Кара-Жыгач айылдарында болжол менен 430 үйдүн электр жарыгы өчүп, кайра калыбына келтирилген.

Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кырсыктын кесепетин жоюунун үстүндө иштеп жатышат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG