Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

"Нобелдин" 103 лауреаты Беляцкийди бошотууну талап кылды


Алес Беляцкий.
Алес Беляцкий.

"Нобелдин" 103 лауреаты 2022-жылдагы Тынчтык сыйлыгын алган Алес Беляцкийди бошотууну талап кылган кайрылууга кол койду. Кайрылуу Эл аралык ПЕН-клубдун сайтына жарыяланды. Анда беларус укук коргоочусу "дүйнөдөгү кесиптештери үчүн үмүттүн жана шыктануунун символу" деп белгиленген.

Беляцкий "бүт өмүрүн Беларустагы адам укуктарын жана демократияны өнүктүрүүгө", "Александр Лукашенкону тынымсыз, үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө уланып келген эркин пикирлерди басуу аракетине жооп кылууга чакырып келгени" айтылды. Ага карата козголгон кылмыш иши атайын ойдон чыгарылган деп мүнөздөлдү.

Кайрылууга койгондордун арасында "Нобелдин" химия, медицина жана экономика, адабият, тынчтык боюнча лауреаттары бар. Алардын ичинен 87 жаштагы астроном Роберт Вудро Вильсон жана 91 жаштагы микробиолог Хамилтон Смит "Нобель" сыйлыгын 1978-жылы алышкан. Кол койгондордун экөө орусиялык: Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратов жана физик Константин Новосёлов.

Кайрылуу авторлору Беляцкийге гана эмес, ал негиздеген “Весна” укук коргоо уюмунун башка мүчөлөрүнө коюлган айыптарды да жокко чыгарууну талап кылууда. Беларус бийликтери укук коргоо борборунун маалымат продуктуларын "экстремисттик" деп тааныган, алардын өлкөдө иштөөсүнө де-факто тыюу салынган.

Быйыл мартта Минскинин Ленин райондук соту “Весна” укук коргоо борборунун төрагасы, "Нобелдин" Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий он жылга абакка кескен.

Беляцкий менен бирге анын кесиптештери Валентин Стефанович тогуз жылга, Владимир Лабкович жети жылга эркинен ажыратылган. Дмитрий Соловьев сыртынан сегиз жылга кесилген.

Укук коргоочуларга 2020-жылы автократтык лидер Александр Лукашенкого каршы "нааразылык акцияларын каржылаган" жана "акчаны мыйзамсыз алып жүргөн" деген айып коюлган. Алардын тарапкерлери айыптоолорду четке кагып, бул ишти "саясий өч алуу" деп аташууда.

Беляцкий, Стефанович жана Лабкович 2021-жылдын 14-июлунан бери камакта жатат.

Былтыр Алес Беляцкийге "Нобелдин" Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. Ал 7-октябрда Ослодо Беляцкийдин жубайы Наталья Пинчукка тапшырылган.

АКШ, Евробиримдик баштаган бир катар өлкөлөр 2020-жылдын августунда Беларуста өткөн шайлоодон кийин Александр Лукашенкону мыйзамдуу шайланган мамлекет башчы катары тааныган эмес. Ага жана анын айланасындагыларга каршы санкциялар киргизилген. Лукашенконун режими адам укуктарын одоно бузган жана оппозицияны куугунтукка алган деп сыпатталат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG