Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

АКШ Украинага 357 миллион долларлык жардам берет


АКШ президенти Жо Байден жана Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский жолугушуунун алдында. Хиросима, Жапония. 21-май, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден жана Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский жолугушуунун алдында. Хиросима, Жапония. 21-май, 2023-жыл.

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардам берүү үчүн 357 миллион доллар бөлөрүн президент Жо Байден "Чоң жети" саммитинин алкагында, украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда билдирди.

Бул сумманын ичинде артиллерия жана курал-жарактар, HIMARS ракета комплекстери жана аскердик техника каралган. Ошондой эле украин учкучтарын машыктыруу да кирет.

Жолугушуу учурунда Байден Зеленскийге АКШ күрөшүп жаткан Украинаны колдоо үчүн бардыгын жасап келе жатканын жана муну улантарын айтты. АКШ президенти Украинанын "адилет тынчтыкка" умтулуусун билдирип, ал эми анын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгү боюнча маселе "талкууга жатпасын" белгиледи.

Украин президенти Владимир Зеленский жекшембиде "Чоң жетинин" дагы бир мүчөсү - Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Юн Сок Ёль менен жолугуп, Украинадагы согушту талкуулады. Эки президент алгачкы ирет жолугушканын белгилеген Зеленский Твиттердеги баракчасына расмий Сеулга согуш учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргенин жазды.

Буга чейин Зеленский саммит алкагында уюмга мүчө өлкөлөрдүн дээрлик бардыгынын лидерлери менен жолугушкан.

"Чоң жети" жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Зеленский батыштагы өнөктөштөрүнө көрсөткөн көмөгү жана "миңдеген украиналыктардын өмүрүн орусиялык ракеталардын соккусунан коргоп калган" абадан коргонуусун бекемдөөгө жардамдашканы үчүн ыраазычылык айтты.

Андан мурдараак Жапонияда өтүп жаткан G7 жыйынынын катышуучулары Орусиянын Украинага баскынчылыгын айыптаган билдирүү менен чыгышты. Алар Орусияны аскерлерин Украина аймагынан чыгарып кетүүгө чакырышты жана Киевге мындан ары да жардам берүүнү улантарын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG