Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

"Грузин аба жолдору" президент Зурабишвилини "кара тизмеге" киргизди


Саломе Зурабишвили
Саломе Зурабишвили

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили аталган компанияга Орусияга каттаганы үчүн бойкот жарыялаган соң, "Грузин аба жолдорунун" директору Тамаз Гаиашвили президентке да "грузин элинен кечирим сурамайынча" аба компаниясынын учактарына эшик жабыктыгын айтып чыкты.

Зурабишвили "Грузин аба жолдору" компаниясынын учагына отурбасын аталган компания Москвага каттамын жандандырып, алгачкы учагын жиберген учурда билдирди. Президенттин билдирүүсү Грузиянын Орусия менен аба каттамдарын жандантуусуна каршылык акциялары өтүп жаткан учурга туш келди.

Ишемби күнү кечинде Тбилисинин борборунда жаңы, мөөнөтсүз нааразылык акциясы башталды. Анын катышуучулары Орусия менен аба каттамдарын токтотууну жана Кахетияда мейманкана алдында кармалган адамдарды бошотууну талап кылышууда.

Маалыматтарга ылайык, Кахетиядагы мейманканалардын биринин алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жакындары той өткөрүшүнө каршы нааразылык акциясына чыккандар кармалган.

Ондогон оппозициячылар, анын ичинде "Дроа" партиясынын лидери Елене Хоштария тергөө абагына камалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-майдан тартап грузин жарандарына визасын режим киргизип, 2019-жылдан бери токтоп турган Грузияга аба каттамдарын жана турларды жанданткан жарлык чыгарган.
Орусиянын "Азимут" аба компаниясынын учагы 19-майда Тбилиси аэропортуна конду. Ишембиде ошондой эле Грузиянын "Georgian Airways" аба компаниясы учагын Москвага учурду.

ТАССтын маалыматына караганда июнь айынан тартып, Грузияга орусиялык Red Wings авиа компаниясынын учактары да уча баштайт.

Грузин президенти Саломе Зурабишвили орус бийлигинин бул чечимин Украинада согуш уланып жаткан кездеги "кабыл алынгыс, чагымчыл" кадам деп баалады.

Ал эми грузин өкмөтү жана башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы Орусияга каттамдардын жандануусун кубаттап чыккан.

Грузин оппозициясы өкмөттү орусияга ыктаганы үчүн айыптоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG