Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:40

Алайдын Кум-Шоро айылында жер көчкү жылып жатат


Өзгөндөгү көчкөн жер, 22-март. 2023.
Өзгөндөгү көчкөн жер, 22-март. 2023.

Алай районундагы жыйырма күн мурун активдешкен жер көчкү дале жылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү жер көчкү суткасына 30 сантиметр жылып жатканы байкалган.

Май айынын башында Алай районундагы Будалык айыл аймагынын Кум-Шоро айылында көлөмү 355миң куб метр жер сүрүлүп, эки үй-бүлө коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн.

Аталган айылдагы жер көчкү 2003-2004-жыдары пайда болгон. Ошол учурда жети үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү сунушу берилип, беш үй-бүлө конуш которуп кетишкен.

Ош облусунун аймагында 469 кооптуу аймак болсо, анын 94ү Алай районунда.

Быйыл март айында Өзгөн районунда 1,3 млн. куб жер сүрүлүп, элдин эгин талааларын басып калган. 120 жаран эвакуация болгон.

2017-жылы Өзгөндүн Зергер айыл аймагында жүргөн жер көчкү жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан төрт миңдей үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана аларга көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Алардын теңине мамлекеттен кайтарымсыз акча жана жер берилгени менен көбү жер которгон эмес. Буга чейин мындай аймактарда бир катар таигый кырсыктар орун алган.(DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG