Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Студенттер Акаевдин лекция окушуна каршы кайрылуу жолдошту


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышты. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыяланды.

Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга "Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын - мен шылдыңдоо катары эсептейм", - деп жазды.

Ректорат кайрылуу тууралуу комментарий бере элек.

2005-жылы март окуясында кызматынан четтетилип, Кыргызстандан чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам менен чогуу 20-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени кабарланган. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында лекция окуй турганын билдирген.

Үй-бүлөсү менен Москвада башкалкалап жүргөн Аскар Акаев өткөн аптада Казакстандагы окуу жайларда лекция окуп келген.

Аскар Акаев 2005-жылдан бери 2021-жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындашып, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Ага 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.

Ал Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, физика илимдеринин доктору, профессор, бир нече илимий эмгектердин да автору. (KS/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG