Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Илимдер академиясы жана КМТУ Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдирди


Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университети.
Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университети.

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев мурдагы президент Аскар Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдирди. Окуу жайдын ректору "Азаттыктын" суроосуна кыска жооп берип, эч кандай лекция болбой турганын айтты. Ал талкуу жараткан бул маселе кайдан чыкканын, лекциянын болбой калышына студенттердин нааразылыгы таасир эттиби, жокпу тактаган жок.

Ошол эле учурда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы лекция тууралуу алдын ала маалымат берилбегенин жана аны жокко чыгаруу боюнча студенттерден кайрылуу түшпөгөнүн кабарлады.

Илимдер академиясы "Акаевдин лекциясы тууралуу маалымат туура эмес экенин жана алар менен дарс окуу боюнча буга чейин макулдашылбаганын" "Азаттыкка" ырастады.

Мунун алдында Билим берүү жана илим министрлиги бир дагы мамлекеттик окуу жайда мурдагы президенттин лекциясы пландалбаганын кабарлаган.

Мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам менен чогуу 18-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени белгилүү болгон. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Аскар Акаев Илимдер академиясы менен Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинде лекция окуй турганын "Азаттыкка" билдирген.

Буга чейин Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышкан. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыялаган.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Акаев 2005-жылдан бери 2021-жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул үчүн бийликти сындашып, Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган.

Ага 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тагылган айыптардын баарын мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын Башкы прокуратура билдирген.

Ал Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, физика илимдеринин доктору, профессор, бир нече илимий эмгектердин да автору. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG