Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Орусия Украинанын Днепропетровск облусуна дрон жана ракетадан сокку урду


 "Шахед" жанкечти дрону (Архивдик сүрөт).
"Шахед" жанкечти дрону (Архивдик сүрөт).

Орус армиясы 22-майга караган түнү Украинанын Днепропетровск облусуна учкучсуз учактар жана ракеталар менен сокку урду. Кеминде сегиз адам жабыркап, турак-жайлар, автоунаалар, жеке ишкана, куткаруу бөлүмүнүн имараты жабыркаган. Бул тууралуу Днепропетровск облустук аскер башкармалыгынын төрагасы Сергей Лысак өзүнүн Telegram каналына жазды.

Анын билдиришинче, украин аскерлери 15 дронду жана канаттуу төрт ракетаны атып түшүргөн. 27 жаштагы жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Абалы орточо оор деп бааланууда. Мындан сырткары, аймактын 52 жана 70 жаштагы эки тургуну түрдүү жарааттар менен дарылоо мекемесине кайрылган.

Эки жерде өрт чыкканы кабарланууда. "Зеркало недели" басылмасы түндөсү Днепрде 40тай жарылуу болгонун жазды.

Былтыр сентябрдын ортосунда Украинанын куралдуу күчтөрү биринчи жолу Харьков облусунун үстүндө ирандык учкучсуз учагын атып түшүргөнүн жарыялаган. Алардын айтымында, бул "Шахед-136" алыскы аралыкка учуучу камикадзе учкучсуз учагы болгон.

Ошол эле учурда дрондун калган бөлүгүндө “M214 Герань-2” деген жазуу менен сүрөтү жарыяланган. Ошондон бери Украина ирандык учкучсуз учактарды атып түшүргөнүн такай айтып келет.

Анда Иран менен Орусия учкучсуз учактар орус армиясына берилгенин четке каккан. Ноябрда Тегеран Орусияга учкучсуз учактарды жеткиргенин мойнуна алган – “алардын аз сандагылары Украинада согуш башталганга чейин эле” жиберилген. Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо кызматы "кеминде бир учкучсуз учактын тетиги орус баскынчылыгы башталгандан кийин жасалганын тастыктаган далилдер бар" деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG